Бишкектин Биринчи май райондук соту Октябрь районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Айдаровду камактан бошотту. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ишти караган соттук отурум кечээ, 10-январда болгон. Анда Айдаровдун камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде камактан чыккан.
Айдаров 17-ноябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Маалымат боюнча, ал милиция кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн опузалап 5 миң доллар талап кылган.
Күч органдары тинтүү учурунда Айдаровдон опузалап алынган акчанын бир бөлүгүн — 200 миң сом алганын тастыктаган материалдык жана документалдык далилдерди табышкан.