Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна 22,9 миллион доллар каражат талап кылынат

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычына курулуучу Бала-Саруу ГЭСин «Чакан ГЭС» ААК каржылайт.

Жалпы чыгымы 22,9 млн долларды түзөт жана бир жылда орточо 92 миллион кВт саат электр энергиясын иштеп чыгат. Инвестору катары Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду. ГЭСтин кубаттуулугу 25 мегаватт. Аталган кичи ГЭСтин иштөө режими сугат режимине жана Киров суу сактагычынан агып жаткан суунун агымына ылайык жөнгө салынат.

Эске сала кетсек, «Бала-Саруу» ГЭСинин курулушуна капсула салуу аземи үстүбүздөгү жылдын 29-августунда президент Садыр Жапаровдун, Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин, Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековдун катышуусунда болгон.

270196672 440538490942088 8148908893114516963 n Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна 22,9 миллион доллар каражат талап кылынат
270249331 440538537608750 5012177290443883890 n Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна 22,9 миллион доллар каражат талап кылынат
270239465 440538550942082 3497117870156044390 n Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна 22,9 миллион доллар каражат талап кылынат