Биринчи май жана Свердлов районунда кайра шайлоо күнү белгиленди

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо күнүн белгиледи.

Кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт.

Бишкектин эки шайлоо округунда — Биринчи май жана Свердлов округдарында «баарына каршы» пунктуна эң көп добуш берилген. Ошондуктан бул округдарда шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгарылгандан кийин бир айдын ичинде кайра шайлоо дайындалышы керек болчу.