Бишкекте ири өрт чыкты

Бишкек шаарынын Жибек Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампада өрт чыгып, ал жерге Бишкек мэри Айбек Жунушалиев барды.

Анын айтымында мааалыматтар так каралып, өрттүн келип чыгуу себептери тыкыр иликтенүүгө тийиш.

«Мен да өрт чыгып жатканын көрүп, эмне болуп жатат, жеринен билейин деп келдим. Тергөө жүргүзүү керек. Эмне себептен бул жерге май сактоого уруксат берилгенин такташ керек. Буга чейин бул жер көзөмөлдө экен, тактоо керек», — деди ал.