Тилек Токтогазиев: Чоң саясий марафонго барыш үчүн чоң ресурстар керек экен

Жаңы шайланган VII чакырылыштагы парламенттин иши, президенттин бийлигинин күч алуусу жана алдыдагы пландары боюнча BULAK.KG сайтына “Ата-Мекен” партиясынан талапкер болгон Тилек Токтогазиев айтып берди.

ЖКнын VII чакырылышы боюнча пикириңиз кандай?

Жаңы VII чакырылыштагы парламент жөн гана трибуна катары кызмат кылат. Жаңы мыйзам долбоорлорун демилгелеши мүмкүн, бирок, өкмөткө нааразычылыктарды айта турган курам болбой калды.

Биз парламентаризмден алыс кетип бара жатабыз. Бирок бара-бара эл парламентаризмге кайтып барышыбыз керек экенин түшүнөт. Кеп парламенттик системада эмес, парламенттин сапатында болчу. Отто фон Бисмарк өз сөзүндө “Мыйзамдар канчалык деңгээлде жакшы болбосун, эгер чиновниктер начар болсо, ал мыйзамдар иштебейт. Ал эми чиновниктер жакшы болуп бирок мыйзамдар начар болсо, ал жерде өнүгүү болот”, – деп айткан. Демек, биздеги чиновник, депутаттардын сапаты начар болуп кете берсе өнүгүү болбойт.

Садыр Жапаровдун бийлигинин күчтөнүүсү эмнеге алып келет?

Авторитардык режим күчөп турган жерде башаламандык өкүм сүрүп, өзүм билемдикке алып барат. Өлкө башчынын балдары, достору жана түрдүү жакындары бийликке де факто келип калат.  Де юре алар эч жерде иштебеши мүмкүн, бирок көшөгөнүн артынан бардыгын башкара турган ошолор болуп калат. Бул окуяларга жеткирбеш керек деп эсептейм.

Мындан аркы пландарыңыз кандай? Саясий талаадан кетпейсизби?

Чоң саясий марафонго барыш үчүн, чоң команда түзүп, аны камсыздаш үчүн ресурстарыбызды да күчөтүшүбүз керек экен. Азыр мен биринчи кезекте ошол ресурстарды чогулта турчу иштерди улантам. Бирок саясий ишмердүүлүгүмдү улантып, бул марафондон четтеп кетпейм. Кийинки шайлоодо кандай гана болбосун жөн гана өтө турган күч эмес, жеңе турган күч болобуз деп ишенем. Бара-бара эл кайтып келип, бийликте бир эле киши болсо айтканы айтып, бирок, айтканынан кайта берет турбайбы деп ынанат. Өзүңүздөр билгендей, башында биз суперпрезиденттик системада жашап келдик. Бакиевдин учурунда аны менен алышып жатып, канча деген кишилер курмандыкка кетти. Ошондой окуялар болбосун, президенттик система эч качан келбесин деп биз парламенттик системага өтпөдүк беле. Бирок ошол эмгектин бардыгы унутулуп калып, алдыда эл эсине келгенде парламентаризм күчүнө кирет деп эсептейм.

YouTube video