Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту


Бүгүн, 15-декабрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын бир жыл ичиндеги аткарган иштери, жол кырсыктарын алдын алуу, уурулук, мыйзамсыз куралдарды сактоо, үй-бүлөлүк зомбулуктар, анын ичинен жаш өспүрүмдөргө болгон зомбулуктар, алар тарабынан жасалган кылмыштар, жаңы жылга карата алынып келип жаткан пироиотехникалык жардыргычтарды токтотуу боюнча иш-аракеттери боюнча коомго отчет берилди.
Иш-чарага Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, шаар мэри Жаныш Курбанов, Нарын облусунуну казысы Эрик Молдокулов, мекеме жетекчилер, соц кызматкерлер, мугалимдер жана шаар тургундары катышты.


Иш-чарада алгач коомдун коопсуздугу боюнча жасалган жана алдыда жасала турчу иштер боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги Талант Кадыров отчеттук докладын окуду.
Бүгүнкү күнгө чейин 165 жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен улам 66 жаран ар кандай каракат алса, 35 адам каза тапкан. Кырсыктар жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда да болгон.
Мал уурулук боюнча 35 кылмыштуу топтор кармалып, 90дон ашык кылмыштын бети ачылган.
Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз пайдаланып жүргөндөр такталып жатканы жана быйылкы жылы зордук-зомбулукка кабылгандар көп болуп жатканын маалымдалды.

WhatsApp Image 2021 12 15 at 18.08.31 1 Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту


Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков сөз сүйлөп төмөнкүлөргө токтолду.
“Калктын коопсуздугу биздин колубузда. Биз элдин ишенимине кирүү үчүн так, кайдыгер болбой, мыйзам чегинде, кылмыштуулукту алдын алууда талыкпай иш алып барышыбыз керек. “Милиция мени коргойт!” деген ишенимге, денгээлге алып жетишибиз керек. Ал үчүн ата-энелер, өспүрүмдөр жана бардык жарандар менен тыгыз иш алып баруубуз зарыл. Аны менен катар укук коргоо кызматкерлерине коомчулук да көмөк көрсөтүүсү маанилүү экенин билдирди. Ата-энелер балдарга туура тарбия, багыт берип, мугалимдер окуучуларга жакшы билим берсе, биз болсо алардын коопсуздугун камсыздасак, келечекте кылмыштуулук азайып, коопсуз өлкө болобуз. Айтайын дегеним, бүгүнкү өспүрүм балдарыбыз эртең чоңоюп биздин катарга кошулат. Аларда убагында жакшы тарбия, жетиштүү билим берилип, терең түшүнүк болсо, кийин ар кандай кылмыштуулукка баруудан, бирөөнө зомбулук көрсөтүүдөн алыс болот. Азыртан жаш балдарыбыздын тарбиясына көңүл бөлөлү деп бардык эне-аталарга кайрылды. Ошону менен катар оол кырсыктарынын көп катталып жатат. Айдоочуларга күбөлүктү атайын окуудан өтүп алышын, жол эрежелерин толук билип, аны сактоо менен унаа башкарышын суранам жана талап кылам”,- деди А.Жумабеков
Ошондой эле А.Жумабеков ар бир руль башкарып бара жаткан адамдын ата-энеси, балдары, үй-бүлөсү күтүп жатканын, унаада бараткан жүргүнчүлөрү үчүн да жоопкерчилик бар экенин эскертти.
Иш-чаранын соңунда, кылмыштуулукту болтурбоо, алдын алуу максатында айтылган сунуш-пикирлер кабыл алынды.

WhatsApp Image 2021 12 15 at 18.08.31 Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту

Мындан тышкары Алмазбек Жумабеков Нарын шаарындагы Эсенгул Ибраев атындагы орто мектептин жогорку класстын ата-энелери менен жыйын өткөрүп, жашы жете электердин арасында укук бузуулардын, кылмыштардын алдын алуу, анын ичинде жашы жете электерге карата жана алар тарбынан жасалган өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген, зомбулук менен коштолгон мектеп рекети, опуза талап кылуу, тоноо, уруп сабоо жана башка ушул сыяктуу кылмыштардын ошондой эле кырсыктардын алдын алуу боюнча кенен токтолуп, ачык айкын талкуулар болуп, ата-энелер сунуш пикирлери менен катар ыраазылык билдиришти.
Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы