Өлкөдө бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында 1, Ош облусунда 5, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
- Ош облусунун Кара-Суу шаарында “Daewoo Lanos” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылында таштанды ташуучу “КамАЗ” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.
- Ош облусунун Өзгөн шаарында турак үйдүн 30 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.
- Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында аянты 10 чарчы метр болгон сарай толугу менен күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби таталууда.