Кыргызстандагы талкууга түшкөн эң белгилүү саясий секс-чырлары

Бардыгыбызга белгилүү болгондой саясий атаандаштардын аброюн түшүрүү үчүн жасалган эффективдүү иштердин бири бул секс-чырлар. Бүткүл дүйнөдө мындай ыкма менен кайырмакка илинген саясаттын түрдүү салмактагылары бар. Алардын арасынан курагы бир топко келип калгандарын да, жаштарын да жолуктурууга болот.

Кыргызстанда мындай секс-чырлары өзгөчө шайлоо алдында же саясий процесстердин курчуп турган маалында чыгып калмайы бар. 2010-жылдан тарта ар бир парламенттик шайлоо учурунда мындай окуялар катталып турган. Жакында болуп өткөн шайлоонун алдында мындай чырлуу окуяга байланыштуу дагы эки ролик тарап кетти. Андай ыкма менен атаандаш саясатчыларды, ыңгайсыз талапкерлерди нуктан түртө сүзүү аракеттери жасалды.

BULAK.KG сайты Кыргызстандагы эң белгилүү алты секс-чырын чогултту. Мунун бардыгы албетте саясатка байланыштуу.

Саунадагы “өзгөчө” массаж

“18+” чегинде интернетке тараган алгачкы видеолордун бири 2006-жылы катталып, анда саясатка тиешеси бар эки адамдын “өзгөчө массаж” жасатып жатканын көрүүгө болот. Сүрөттү тараткандардын айтымында, алар парламенттин депутаты Кабай Карабеков менен журналист Фарид Ниязов болгон.

Мындай “кара” материалдын чыгышынын себеби, ошол кезде Карабековдун оппозицияда жүргөндөгүсү эле. “Реформа үчүн” деген кыймылдын мүчөсү болуп, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин тактан кулашын талап кылып келген. 2006-жылдын ноябрында “Реформа үчүн” аттуу кыймыл бир катар митингдерди уюштуруп, Бакиевдердин абалы олку-солку болуп калган кезде, саясий каршылаштарды алсыратуу үчүн мүмкүн болгон ыкмалардын бардыгы колдонулган.

Тасманын эки каарманы тең мындай маалымат тууралуу айтышкан эмес. Натыйжада бийлик митингдерге каршы тура алды. Ал эми, 2007-жылдагы парламенттик шайлоого Кабай Карабеков бакиевдик “Ак Жол” партиясы менен барган. Мындай чырдын экинчи катышуучусун башка саясий карьера күтүп турган. Ал таптакыр башка окуя…

Чоңдор үчүн фильм жана “аудио”

2010-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында белгисиз адамдар тарабынан интернет тармактарына курактагы эки адамдын ачык-айкын видеосу таратылган. Аны жайып жибергендер видеороликтеги эркек – “Ата-Мекен” партиясынын лидери, Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев экендигин жана андагы аял – финансы Министрлигинен экенин жазып чыгышкан.

Өмүрбек Текебаев өзү роликке эч кандай тиешеси жок экенин айтып, бул иштер анын өзүнө жана “Ата-Мекен” партиясына карата болгон маалыматтык согуш деп айткан. Андан кийин бир катар журналисттер ролик качкын президент Бакиев тарабынан монтаждалып жасалгандыгын жазып чыгышкан. Мындай жол менен ал Текебаевден өч алгысы келген.

Көп өтпөй ролик Youtube платформасынан өчүртүлгөн. Парламенттик шайлоодо фаворит деп эсептелинген “Ата-Мекен” партиясы сенсациялык түрдө 5-орунда болуп 18 гана мандат алган.

2021-жылдын ноябрында кайрадан эле парламенттик шайлоо курчуп турган маалда, социалдык тармактарда күмөндүү аудио пайда болду. Анда белгисиз бир эркек аялды интимдик байланышка кыйнап, аны менен ачык сүйлөшүп жатканын угууга болот. Бул роликтеги үн “ата мекендик” лидерге таандык экени анын алдында жазылган. Ал эми андагы кыз партиянын тарапташы экендигин да угууга болот. Бирок, соцжелелеринин көптөгөн колдонуучулары бул роликтеги кыздын ашыкча актерлук чеберчилигин көрсөтүп жатканын белгилеп, эркектин үнү Текебаевдикине таптакыр окшобой турганын жазып чыгышты. Коомчулук бул аудиону атайы даярдалып жасалган деп белгиледи.

Өмүрбек Текебаев өзү бул аудиого карата эч кандай пикирин айткан жок. “Ата-Мекен” партиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында 5 пайыздык босого чектен өтө албай Жогорку Кеңешке барбай калды.

Алмазбек Атамбаевдин “аппак сүйүүсү” ким?

2011-жылы социалдык тармактарда ырчы Юлия Руцкаяга окшош кыз  ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары – Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн чыгып жатат деген видео тараган. Айдоочу үйүнө жеткирип кетти деп айтылып, бир нече жолу бул көрүнүш кайталанган.

Видеону тараткандар ошол маалда мындай дешкен: “Бул окуя Атамбаев президенттикке талапкерлигин коюп жаткан маалда, 2008-жылы болгон. Ал өзүнүн үй-бүлөсүнө коркунуч жаралышы мүмкүн деп эсептеп аларды Түркияга жөнөтүп, ошол кезде ырчы Руцкая менен мамилеси жакшырып, ырчы анын үйүнө келип жүргөн. Күндүз Атамбаевдин айдоочулары ырчыны шаар ичинде ташып жүрүшчү”.

Саясатчы өзү мындай роликке эч кандай комментарий берген эмес. Анын карьерасы үчүн деле бул ролик эч кандай ролду ойнобой, президенттик жарышта жеңип чыккан. Бирок, кийинчерээк ал роликти Атамбаевге каршы бир нече жолу “айлантышты”. Айрыкча Атамбаев мезгилинде Юлия Руцкая “КР маданиятынын отличниги” деген наамга жеткен учурда чыгып калып жүрдү.

Чын эле аялыбы?

2013-жылы интернет айдыңында ошол кездеги өлкөнүн башкы муфтийи Рахматулла Эгембердиев, кайсы бир аял менен интимдик байланышта болуп жаткандагы видео пайда болгон. Роликти тараткандар андагы аял муфтийдин мыйзамдуу жубайы эмес экенин айтып чыгышкан.

Рахматулла Эгембердиев өзүнүн бул роликке тиешеси бар экендигин танган эмес. Бирок, андагы аял менен шариат боюнча никеси бар экендигин маалымдаган.

Бул окуя чоң чырды чыгарганы белгилүү. Анткени светтик өлкөнүн мыйзамына ылайык, көп аялдуулукка тыюу салынган. Ошентип муфтий кызматынан кеткен. Ал эми, аны колдогон соцтармактардын колдонуучулары бул видео атайы жасалган деп айтып, анын ордуна отургусу келгендер кылды деп ишенишкен.

Казактардын “шпиондору” Бишкек саунасында

2015-жылдын 24-сентябрынан 25ине караган түнү Бишкектеги сауналардын биринде милиция казактардан турган пиарчылардын тобун кармаган. Алар ошол маалда сойкулар менен эс алып жатышкан. Бир караганда чырлуу эч нерсе жоктой көрүнүшү мүмкүн. Бирок, казактардын кара пиар жүргүзүшү керек болгон тобу, шайлоо алдында бийликчил КСДП партиясын каралоо үчүн, атаандаш болгон «Өнүгүү-Прогресс» партиясы тарабынан алып келинген. Алар да аталган шайлоодо катышып жаткан эле.

Кызыгы кармалагандардын арасында ага чейин Казакстанда мамлекеттик маанилүү кызматтарда отурган Нурлан Нургазин да болгон. Алардын баштыктарын тинтүү учурунда 15 миң АКШ доллары табылган. КСДП партиясын каралоо үчүн берилген акчалар экендигин аныкташкан.

Натыйжада казак тараптан келген ал “шпиондорду” кое беришкен. Ал эми парламенттик шайлоодо КСДП партиясы жеңип чыгып, 38 мандат алган. «Өнүгүү-Прогресс» партиясы да Жогорку Кеңешке 4-орунда өтүп 13 мандат алган.

“Бүгүн экөөбүз үйлөнөбүз”

Бул жолку парламенттик жарыш да секс-чырысыз өткөн жок. Соцтармактарга бир нече эркек саунада эс алып жатып, жеңил ойлуу кыздарды чакыртканы тууралуу видео тарады. Анын баяндамасында ал эркектердин бири – Жогорку Кеңешке талапкер Акматбек Келдибеков экендиги жазылды.

Видеодо ачык кадрлар жок, бирок, Келдибековго окшош киши “көпөлөктөрдүн” бирин кармап, “бүгүн үйлөнөбүз” деп жатканын көрүүгө болот.

Акматбек Келдибеков өзү бул маалыматты эч кандай төгүндөгөн жок. Ал курамында бараткан “Азаттык” партиясы 5 пайыздык чектен өтө алган жок.

Келдибеков видео жаздырып, Боршайкомдун ишин сындап, шайлоо жыйынтыгына алар кийлигишти деп эсептеди. Андан кийин саясатчыны УКМКга чакырып, БШКнын иши боюнча күмөнүн четке кактырды. Аяктан чыккандан кийин Келдибеков шайлоонун таза өткөнүн, ага ылайык далилдер бар экендигин айты. Кызыгы ошондон кийин чырлуу видео соцтармактардан жоголуп кетти.

Редакциядан

Саясатка барып, өз принциптери үчүн күрөшүү оңой иш эмес экендигин бул мисалдардан улам көрүүгө болот. Моралдык жактан бекем болуу – бул саясатчыларга болгон, жазылбаган башкы талаптардан десек жарашат.

Атаандаш тараптар секс-чырларды уюштуруу үчүн аудио-видеомонтаждарга чейин жасап, каралоо жолу менен болсо да бийликке жетүүгө аракет кылып жатышканын көрүп жүрөбүз.

Бирок, чынына келгенде накта кир, ыплас иштердин бардыгы сауна же убактылуу берилчү батирлерде эмес, галстукчандар отурган кабинеттерде болуп жатпайбы. Моралдык касиеттердин баалуулугун талкуу кылымыш болуп, өздөрү жашыруун коррупция, талап-тоноочулук менен алек болуп жатканы чындык.