Кеңешгүл Мендешова ИИМдин Академиясынын жетекчилигине жана курсантына ыраазычылык билдирди

Бишкек шаарынын тургуну Кеңешгүл Мендешова ИИМдин Академиясынын жетекчилигине жана курсантына ыраазычылык билдирди

ИИМдин Академиясына Бишкек шаарынын тургуну Мендешова Кеңешгүл Ургазиевна атайын келип, аталган окуу жайдын жетекчилигине жана 2-курстун курсантына ыраазычылык билдирди. Кеңешгүл айымдын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында студент небере кызы кечке маал окуудан келе жатып өзүн жаман сезип, эси ооп көчөгө жыгылып калган.

Жолдо кетип бара жаткан 2-курстун курсанты Алмаз Алибаев студент кызды Бишкектеги №4 шаардык ооруканага такси менен жеткирип, кабыл алуу пунктунда кыздын жакындары келгенче күтүп турган.


Өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын бийик койгон, кайдыгерликке жол бербей колдон келген жардамын аябаган, келечектеги мыкты милиция кызматкерлерин тарбиялап келе жаткан окуу жайдын жетекчилигине жана 2-курстун курсанты Алмаз Алибаевге кыздын чоң энеси Кеңешгүл Мендешова ыраазычылыгын билдирп, ак батасын берди.

WhatsApp Image 2021 12 09 at 12.10.49 Кеңешгүл Мендешова ИИМдин Академиясынын жетекчилигине жана курсантына ыраазычылык билдирди

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы