Ысык-Көлдө турак үй өрттөнүп, бир адам каза болду

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарындагы Акматбай-Ата көчөсүндө турак үй өрттөнүп, 50 чарчы метр болгон бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен 63 жаштагы жаран каза болгон.

Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан улам келип чыккан.