Кемин районунда өспүрүмдөр арасында алдын алуу иштери улантылууда


2021-жылдын 6-декабрь күнү Кемин районунун ИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктарды жана тартип бузуулардын алдын алуу максатында алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2021 12 07 at 07.43.06 1 Кемин районунда өспүрүмдөр арасында алдын алуу иштери улантылууда


Иш-чарада Кемин РИИБдүн кызматкерлери тарабынан билим берүү мекемелеринде окуучулар үчүн тартип бузууларды алдын алууга багытталган лекциялар окулулуп, мектеп окуучуларынын сууроолоруна жооптор берилди. Андан сырткары өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен жолугушуулар болуп, өспүрүмдөр бош учурларда эмне менен алектенип жатышкандыгы тууралуу ата-энелер кабардар болуусу жана аларга ар дайым көзөмөл кылуу зарылдыгы айтылды.

WhatsApp Image 2021 12 07 at 07.43.06 2 Кемин районунда өспүрүмдөр арасында алдын алуу иштери улантылууда


Алдын алуу иш-чара учурунда дүкөндөрдүн жана башка соода кылуучу жайлардагы сатуучулар менен жолугушуулапр болуп, өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди сатпоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындай алдын алуу иш-чаралары Кемин РИИБдүн кызматкерлери тарабынан байма-бай өткөрүлүп келет.