Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп дайындалды

Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-декабрда Күрөш федерациянын кезексиз шайлоо конференциясы өткөн. Уюмдун мүчөлөрү бир добуштан президенттик кызматка көрсөтүлгөн Мелис Турганбаевдин талапкерлигин колдоп беришкен. Ал 2024-жылдын аягына чейин Күрөш федерациясын жетектей тургандыгы айтылат.