Москванын борборунда мушташкан 11 мигрантты милиция кызматкерлери кармап кетти

Кечээ, 2-декабрда Москванын борборунда мушташкан 11 мигрантты милиция кызматкерлери кармап кетти. Алардын баары Кыргызстан менен Өзбекстандан келгендери аныкталды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен жетөө кыргызстандык, төртөө өзбекстандык экени белгилүү болгон жана баары бир жерде короо тазалап иштешкен.

“Мигранттардын мушташынан үч адам жабыркады. Аларга карата майда бейбаштык менен протокол түзүлдү жана тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Кыргызстандан келген мигранттар үйдүн короосунда карды тазалап жатышкан, ал эми Өзбекстандын жарандары ошол эле учурда үйдүн чатырындагы карды тазалап жатышкан. Чатырдан түшкөн кар короонун тазаланган жерине түшкөн. Андан улам эки тараптын ортосунда уруш чыгып кеткен. Ишти прокуратура текшерүүгө алды”, — деп берилет маалыматта.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы айларда Москвада чет жерден келген мигранттардын ортосунда катталган мушташтар көбөйгөнү байкалууда.