Чүй облусунда шайлоонун эрежелерин бузган 24 материал катталды

Чүй облусунда шайлоонун эрежелерин бузган 24 материал катталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, анын ичинен:

– Кемин райондук милициясына – 1 материал;

– Токмок шаардык милициясына – 11 материал;

– Аламүдүн райондук милициясына – 5 материал;

– Сокулук райондук милициясына – 3 материал;

– Москва райондук милициясына – 1 материал;

– Жайыл райондук милициясына – 1 материал;

– Панфилов райондук милициясына – 2 материал.

“Ошол эле учурда катталган 24 материалдын ичинен 3 материал кылмыштын курамы жок болгондуктан байланыштуу номенклатуралык ишке чыгарылган”, – деп айтылат маалыматта.