Таажы вирусу дагы 43 адамдан аныкталды, 3 бейтап каза болду

Эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Өлкөдө 24-ноябрга карата таажы илдети дагы 43 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ал эми бир суткада 94 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 454 бейтап, амбулатордук түрдө 582 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 996 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 693 киши айыгып чыкса, 2 миң 732 адам каза болду.