Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин делегациясы Стамбул шаарында өтүп жаткан Эл аралык Кылмыш полициясынын (Интерпол) Башкы ассамблеясынын 89-сессиясына катышууда.
![WhatsApp Image 2021 11 24 at 15.29.24 ИИМдин делегациясы Стамбулда Интерполдун башкы ассамблеясынын сессиясына катышууда](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2021/11/WhatsApp-Image-2021-11-24-at-15.29.24.jpeg)
Жыйынга 161 өлкөнүн өкүлдөрү, 16 министр жана 18 эл аралык уюмдар, анын ичинде Интерполдун улуттук борбордук бюролорунун жетекчилери катышууда.
Байкоочу катары эл аралык уюмдар – Бириккен Улуттар Уюму, Миграция боюнча эл аралык уюму, Американын полиция бирикмеси, Европа союзунун полиция кызматы, Борбордук Американын, Мексиканын жана Кариб регионунун полиция башчыларынын комиссиясы жана башкалар катышууда.
Ассамблеянын негизги максаты – Интерпол дүйнөлүк коопсуздукту бекемдей турган так багыттарды аныктоо. Катышуучулар Уюмга мүчө-өлкөлөргө техникалык колдоо көрсөтүүнү күчөтүү боюнча сунуштарды талкуулашат.
Бул иш-чара эң маанилүү эл аралык жолугушуулардын бири. Кыргызстан 1997-жылдан бери Интерполдун мүчөсү болуп саналат.
![WhatsApp Image 2021 11 24 at 15.29.23 1 ИИМдин делегациясы Стамбулда Интерполдун башкы ассамблеясынын сессиясына катышууда](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2021/11/WhatsApp-Image-2021-11-24-at-15.29.23-1.jpeg)
![WhatsApp Image 2021 11 24 at 15.29.23 2 ИИМдин делегациясы Стамбулда Интерполдун башкы ассамблеясынын сессиясына катышууда](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2021/11/WhatsApp-Image-2021-11-24-at-15.29.23-2.jpeg)
Жыйынды Түркия Республикасынын башчысы Реджеп Эрдоган, Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу, Интерполдун президенти Ким Чон Ян ачты. Сессиянын алкагында Интерполдун Аткаруу комитетин, анын ичинде Интерполдун президентин, вице-президентин шайлоо, ошондой эле Интерполдун материалдарын изилдөө боюнча комиссияга шайлоо өткөрүү, Интерполдун 2021-2022-жылдарга карата ишмердүүлүгүнүн негизги программаларын жана бюджетин уюштуруу бекитилет.
ИИМдин Басма сөз кызматы