Сүлүктү шаарынын мэри дайындалды

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кадыркулов Максат Турганалиевич Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.