
Ош облусунун Кара-Суу жана Чоң-Алай райондорунда акчасын, документтерин жоготуп алган жашоочуларга милиция кызматкерлери жардам берди.

Маалым болгондой, 17-ноябрь күнү эртең менен Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы аялдамада ичинде 54 миң 400 сом салынган баштык (сумка) табылган. Аны Чоң-Алай РИИБдин кызматкери — милициянын кенже лейтенанты, аймактык текскөөчү Шумкар Эсенбаев таап алган.

Ал кыска убакыттын ичинде баштыктын ээсин издеп таап, кайтарып берген. Акчанын ээси милиция кызматкерине ыраазычылык билдирди.