Саясат таануучу Игорь Шестаков: “Мыйзам шашылыш жазылган”

Жогорку Кеңешке ат салышып жаткан партиялардын көбү саясий өлүктөр. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда тегерек столдо саясат таануучу Игорь Шестаков билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы парламенттик шайлоо өтө турган жаңы мыйзам азыркы саясий реалдуулукту чагылдырбайт.

Эске сала кетсек, шайлоо аралаш система менен өтөт. Шайлоочулар бир мандаттуу округдан жана партиядан талапкерлерди тандашат.

Парламентке аттанган партияларды шайлоо алдындагы бирикмелер деп айтсак туура болмок, алар жакында урайт.

“Бул мыйзам жаралбаган партияларды бүтүрөт. Карагылачы, шайлоого кимдер баратат. Булардын ичинен бирөө гана парламенттик (VI чакырылышта болуп, VII депутаттыкка ат салышып жатат дегенди билдирет), калган 20 партиянын баары – саясий өлүктөр.

Убактылуу өкмөт илген парламентаризм деген тактага карабай, республикада президенттик башкаруу дагы эле бар болчу. Маселен, бардык негизги чечимдерди Алмазбек Атамбаев кабыл алган. Ошондуктан шайлоого партиялар менен эмес, шайлоо алдындагы бирикмелер менен мамиле жасалды. Бул мыйзам шашылыш жазылган окшойт, жок дегенде жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жана бардык кемчиликтерди эске алуу менен, такталып, парламенттик шайлоодо колдонулушу керек болчу”,- дейт саясат таануучу.