«Эл Үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте! 

Сары-Өзөн эли “Эл Үмүтү” партиясы менен!

 “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлеринен куралган “Үмүт кербени” үгүт иштеринин алкагында өлкөнүн жети дубанын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушуусун улантууда.

78cd1b22 9138 4e23 a111 608b2859b3cc «Эл Үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте! 

Бүгүн “Үмүт кербени” Чүй облусунун Сокулук районунда, Беловодское айылында жана Кара-Балта, Кайыңды шаарларында жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрдү.

02b3d366 1021 414a 828b 78fbc4c4336a «Эл Үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте! 

Буга чейин “Эл Үмүтү” партиясынын “Үмүт кербени” Кемин жана Ысык-Ата райондорун кыдырып, талапкерлер өздөрүн жана партиянын программасын элге тааныштырышкан. Бүгүн, 13-ноябрда талапкерлер өздөрүн жана партиянын программасын элге тааныштыруу максатында жолугушууну Сокулук районунан башташты. Чогулган эл талапкерлерди жылуу маанайда тосуп алышты. Сокулук районунда төрөлүп-өсүп, “Эл Үмүтү” партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Бактыгүл Иманбек кызы “Эл Үмүтү” таза жаштардан куралган партия экенине токтолуп:

“Мен билим берүү тармагында иштеп келе жатам. Парламенттик шайлоого аттанганымдын себеби – 30 жылдан бери өлкөбүздө эч нерсе өзгөргөн жок. Ошол себептен билимдүү, кесипкөй жаштардан куралган “Эл Үмүтү” партиясы менен шайлоого барууну туура көрдүм. Өзүңүздөр байкагандай, бул жолу шайлоодо эскилер менен жаңылардын тиреши жүрүп жатат. Эскилер ээрден түшкүсү келбей, кайрадан депутат болууну көздөп жатышат. Бизди болсо негизсиз каралоого өтүштү. Биз эскилерден тажадык. 30 жыл мамлекетти бийлеген эскилер элдин көйгөйүнөн такыр алыстап кетишти. Биз эл көйгөйүн чечкибиз келет. Элге жаңы жашоо алып келгибиз келет. Биз өзгөрүүнү самайбыз. Эски саясатчылардын куру убадаларынан, кооз сөздөрүнөн тажадык. Бизге жаңылануу керек”, – деп, элди “Эл Үмүтү” партиясына добуш берүүгө үндөдү.

2154766e 0d6a 4961 b7c2 b393f5f5a861 «Эл Үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте! 

Эл арасында жаштарга каалоо-тилек айтып, ийгилик каалагандар да болду. Алардын бири, Сокулук районунун тургуну Мунарбек Токтогонов буларга токтолду:

“Сокулук районунун жаштары “Эл Үмүтү” партиясын колдойбуз. Себеби 3 жолу төңкөрүш болду. Бийликке келгендер люстрация кылабыз деп убада берип, жаштарды алдап келишти. Эч кандай жыйынтык жок. Мына эми ушул жаштар келсе люстрация ишке ашмак”.

411d7765 8345 4fe5 a2aa 873fc9f4f12a «Эл Үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте! 

Ошондой эле Сокулуктун жашоочусу Марат Бекназаров аттуу аксакал өзүнүн калемине таандык ырды окуп берип, жолугушууга келген элди шайлоого барууга, жаштарга, жаңы, таза муунга добуш берүүгө үндөдү.

“Жаңылоого кез келди,

Токтот эми жаакташуу кептерди.

Люстрация жүргүзүүгө өлкөдө

Сага сунуш, мыйзам менен эрк берди.

Алдыдагы шайлоо өтсө таптаза,

Бузукулар элди чайкап чачпаса,

Турмушубуз оңолуунун жолунда,

Ар бир адам өз тандоосун барктаса.

Шайлоого бар, бекер үйдө жатпагын,

Калың журттун ишенимин актагын.

Балта чаап өз жашооңо болочок,

Жең ичинен добушуңду сатпагын.

Жердешим деп, тууганым деп карабай,

Билимине, эмгегине көңүл бур.

Тизме менен чыккан бардык өкүлдөн

Тандоо үчүн чын жүрөктөн бекем тур.

Ала-Тоодо бийик учуп шаңшыган,

Бүркүт сымал мекенимде жаштарым.

Биримдикти, ынтымакты туу тутуп,

Келечекте элди алдыга баштагын”.

24807582 5fcb 4dca a9d1 549bd4b519e4 «Эл Үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте! 

Андан соң талапкерлер Беловодское айылынын эли менен жолугушту. Ал жакта да бир топ адам талапкерлерди күтүп алышты. Талапкерлердин арасынан сүйлөгөн Асел Джаилова өзү Чүйдүн Москва районунан болорун айтып:

“Урматтуу Москва районунун тургундары, биз менен жолугушуу үчүн келип бергениңиздерге жалпы команданын атынан ыраазычылык билдирем. Мен 30 жаштамын, билим берүү жана мамлекеттик кызматтарда эмгектенгем. Экономика илимдеринин кандидатымын. Бишкекте жашаганым менен, кичи мекеним Москва району. Урматтуу туугандар, эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу билимдүү, патриот, буга чейин саясатка аралашпаган, таза, эмгекчил жаштардан куралган “Эл Үмүтү” партиясы түзүлүп, шайлоого аттанып отурат. Мына бүгүн биздин команда сиздердин алдыңыздарда турабыз. Саясаттагы эски жүздөрдөн жана кайра-кайра өткөн шайлоолордон эл жадады. Элдин үмүтү жаштарда. Биз элдин үмүтүн актоого жаштыгыбызды, күчүбүздү арнайбыз. “Эл Үмүтү” партиясын колдоп, добушуңуздарды берүүңүздөрдү суранабыз”, – деп элди “Эл Үмүтү” партиясын колдоого чакырды.

Жолугушууда элдин атынан сүйлөгөн Москва районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Малик Темирбеков “добушумду жаштарга берем, анткени жаштар өлкөнү оңдоп кете аларына көзүм жетет” деди.

– “Эл Үмүтү” партиясына жаш, билимдүү улан-кыздардын бириккенин угуп, талапкерлердин программасы менен таанышуу үчүн келдим. Жаштардын ой-тилектерин угуп ыраазы болдум. Өлкөнүн келечеги жаштардыкы, эски саясатчылар жаштарга орун бериши керек деп ойлойм. Шайлоого катышам, добушумду жаштарга берем.Жаштар өлкөнү оңдой аларына ишенем жана көзүм жетет”, – деп билдирди ал.

Көп жылдан бери Беловодскоеде жашап, буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаты болуп иштеп, эл үчүн кызмат кылып келе жаткан Тагай Конушбаев эмне үчүн “Эл Үмүтү” партиясын тандаганын айтып, буларга токтолду:

“Мен шайлоого “Эл Үмүтү” партиясы менен барууну туура көрдүм. Анткени бул партия жалаң жаштардан куралды. Арабызда турган 50 жаштан өтүп калган аксакалдар, айтыңыздарчы, канча жылдан бери кооз сөздөрдү, аткарылбаган убадаларды угуп келе жатасыздар? Жумушсуздуктун айынан канчалаган алдуу-күчтүү уул-кыздарыбыз иш издеп сыртка чыгып кетишти. Өлкөдө көйгөйлөр өтө көп. Жалаң билимдүү, патриот, таза жаштардан куралган “Эл Үмүтү” партиясы алдыңыздарга келип отурабыз, жаштарды шайлаңыздар”, – деп жаштарды колдоого чакырды.

Ошондой эле талапкер Акылбек Баяманов дагы элди “Эл Үмүтү” партиясына добуш берүүгө чакырды.

“Элибизде жакшы сөз бар: “Адамды ичинен бил, ичинен билбесең, ишинен бил” деген. Анын сыңарындай биз эски саясатчыларды ичинен да, ишинен да билип бүттүк. Аларга болгон үмүтүбүз өчтү. Ошол себептен биз, жаштар, бир партияга биригип, бир команда болууну туура көрдүк. Биздин арабызда кооз сүйлөгөн, чөнтөгү акчага толгон эски саясатчылар жок. Биз өлкөгө өзгөрүү жаратабыз. “Эл Үмүтү” партиясы сиздер менен! Добушуңуздарды биздин партияга бериңиздер!” – деди Акылбек Баяманов.

Беловодскоеден кийин талапкерлер Кара-Балта шаарында күтүп жаткан жергиликтүү жашоочулар менен кезигишти. Партиянын лидери Аскар Алмаз уулу “Эл Үмүтү” партиясы кандай максатта түзүлгөнүн айтып, партиянын программасын элге тааныштырды:

“Урматтуу шайлоочулар, биз буга чейин Нарын, Ысык-Көл облустарынын эли менен жолуктук. Бүгүн Сокулук, Москва жана Жайыл райондорун кыдырып, сиздер менен жолугуп жүрөбүз. Биздин командада буга чейин саясатка аралашпаган, таза жаштар бириккен. Бизди бириктирген негизги күч – ар бир талапкердин мекенге болгон өзгөчө сүйүүсү болду. Урматтуу шайлоочулар, сиздердин колдооңуздар менен депутат болуп калсак, өлкөнү өнүктүрүү үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Элдин үмүтү жаштарда”.

Партия лидери Алмаз Аскар уулунун сөзүнө ыраазы болгон Кара-Балта шаарынын тургуну Ибрагим Пазылов “Эл Үмүтү” партиясына жалаң билимдүү жаштар чогулганын, жаштарга үмүт артарын айтты:

“Күчтүү жаштар биригиптир. Эски жүздөр жок экен. Биздин үмүт жаштарда, Кара-Балта шаары “Эл Үмүтү партиясын колдойбуз. Аскар мырза айткандай, сөздөн ишке өтчү мезгил келди. Качанкыга чейин эле элибиз эзилген оор турмушта күн кечирип жүрө берет? Ойлонолу, “Эл Үмүтүн” колдойлу”.

Кечке маал талапкерлер Кайыңды шаарынын жашоочулары менен кезигип, партиянын программасы менен тааныштырышты. “Эл Үмүтү” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, медицина илимдеринин кандидаты, профессор Эльдар Байбулотов медицина тармагында 20 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатканын, бул тармакта чиеленишкен көйгөйлөр жүрөктү оорутарын айтып жолугушууга келген элди бир топ ойго салды:

“Буга чейин ооруканаларда врач, хирург болуп иштедим. Азыркы учурда Кыргызстан Эл аралык университетиндеги медицина бөлүмүндө проректормун. Медицина жана билим берүү тармагына көңул бурулбай, эң мыкты врачтар иш издеп сыртка кетип калышты. Кыргызстанда медиктердин 72 пайызын пенсия курагындагы адамдар түзөт экен. Бул өтө кейиштүү. Биз бул тармакка азыртан баштап реформа жасабасак, эртең кеч болуп калат”, – деди ал.

Сары-Өзөн эли талапкерлерди жылуу маанайда тосуп алып, аксакалдар жаштарга ак батасын берип, ийгилик каалап узатышты. “Эл Үмүтү” партиясынын “Үмүт кербени” келе жаткан жумада Талас облусунда уланмакчы.

08b7e657 05d4 4786 b860 3b3a982d1960 «Эл Үмүтү» партиясы №18 Жаштар аракетте! 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү-183 дарегинде берилген №24 каттоо күбөлүгү боюнча 2021-жылдын «25» октябрындагы №5 келишимге ылайык «Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Кенесариеванын буйрутмасы боюнча аткаруучу ОО «Масс Медиа Групп»
Бишкек шаары, Юг-2, 9-41.
Басылган күнү 13 ноябрь 2021-ж.
«Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен төлөндү.