Адамга бычак сайган 21 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте адамды бычак менен жаракат кылды делип 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 10-ноябрда саат 20:17лер чамасында “102” кызматына Рыскулов жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде балдар урушуп, колдорунда бычак бар экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген.

“Белгисиз балдар мушташып, 33 жаштагы С.Т. аттуу жаран денесинен бычактан жаракат алгандыгы аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматы ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы К.Н аттуу жаранды кармап, Биринчи май райондук милициянын тергөө кызматына жеткирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексининин 266-берененин (“Ээнбаштык”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.