Акылбек Мамыров: “Балдарыңардын келечегин ойлоп добуш бергиле”

“Кыргызстанды кубаттуу мамлекетке айландыруу үчүн бир гана саясатты эмес, экономиканы жакшыртуу керек”. Мындай пикирин “Альянс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Мамыров Ош шаарынын эли менен болгон жолугушууда билдирди.
Айтымында, соңку жылдары мамлекетте саясат биринчи орунду ээлеп калды. Бул аябай өкүнүчтүү көрүнүш.
“Өлкө эч кимден көз каранды болбой, өнүгүшү үчүн биринчи кезекте, саясатка эмес, экономикага көңүл буруу керек”, – деди ал.
Мамыров чет мамлекетте билим алып, өнүккөн өлкөлөрдүн жашоо-шартын жакшы билет. Айтымында, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мыйзамдар жөнөкөй жана эл кызыкчылыгы үчүн жазылган.
“Эмне үчүн биз ошондой мыйзамдарды сунуштап, алардын аткарылышын көзөмөлгө алсак болбойт? Мамлекеттин келечегин жакшыртууга толук мүмкүнчүлүк бар”, – деди Мамыров.
Акылбек Мамыров Ош шаарынын тургундарын өлкөнүн, балдарынын келечеги үчүн татыктуу талапкерлерге добуш берүүгө чакырды.
АЛЬЯНС – 3  – БИР КҮЧ!
Акылбек Мамыров – 22

image 2 22 Акылбек Мамыров: “Балдарыңардын келечегин ойлоп добуш бергиле”

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 13-ноябрь, 2021-жыл.