Элмар Кыялбек уулу: Инфляция шартында өндүрүш процесстери жүрүп кетсе жакшы, болбосо оор убактар келе жатат

Бүткүл дүйнөдөгү продукцияга баанын өсүшү, инфляция маселеси Кыргызстанды да өзүнө камтып жатканы анык. Бул тууралуу экономист-аналитик Элмар Кыялбек уулу BULAK.KG сайтына өз ойлорун айтты.

“Жаңы түзүлгөн Министрлер кабинетинин алдында жетекчи Акылбек Жапаров койгон чоң тапшырмалар турат. 2021-жылдын аягына чейин бюджетти 280 млрд сомго чыгарып, 2022-жылы 400 млрд сомго жеткирүү максаты аныкталды. Бул тапшырма өтө оор болгондуктан өкмөт акча басып чыгара башташы мүмкүн. Бир чети бул абдан коркунучтуу көрүнүш. Анткени, акча массасы өскөнү менен өндүрүлгөн товардын саны ошол бойдон калып, натыйжада товарларга болгон баа жана инфляция өсүп кетет. Бирок, акчасын кармап сарптабай жаткан эл, каражтын чөнтөгүнөн чыгарып активдүү колдоно баштайт.

Эгер Министрлер кабинети ашык акча массасы менен маанилүү делинген: өндүрүш, агрардык маселелер, электроэнергияны чыгаруу долбоорлорун ишке киргизип, өндүрүлгөн жана экспорттолгон товардын санын көбөйтө алса, инфляция төмөндөйт. Эгер ушул маселелерди аткара албаса, өлкөнү катаал убактар күтүп турат”, – дейт Элмар Кыялбек уулу.

YouTube video