
Ыр дүйнөсү өзгөчө бир аалам деген Ырыс Санат кызы поэзия айдыңындагы жаңы эмгегин — поэзия клиптерин сунуштайт. Анын калеминдеги ырлар жашоодогу баалуулуктар, өлкөгө, ата-энеге, үй-бүлө, балага, жакындарга болгон аруулукту жана таза, тунук сүйүү сезимин даңазалайт.


Алгач апаларга арналган ырына көңүл бурсак.
Бул чыгармада өзүнүн апасына болгон урмат-сыйын, сүйүүсүн айтуу менен жалпы аялзатынын эмгегин, турмуштагы, жашообуздагы чоң ордун белгилеп жатат. Моралдык чоң колдоочубуз болгон апаларга бардык жакшы сөз жарашат, аларга тең келчү байлык жок деген маанини берип турат. Адамды айланасында канча адамдар, жакындар курчабасын, ар кандай кырдаалда баары бир энедей түтпөйт эмеспи.







