
Президент Садыр Жапаров бүгүн, Түркиянын Стамбул шаарына ТУ-154М учагы менен барат.
Өлкө башчы Түркияга бүгүн түштө учуп кетет.
Анын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи жыйынына катышат.
Эске салсак, 31-октябрда Садыр Жапаров иш сапары менен Глазго шаарына барган.
Өлкө башчынын менчик учак жалдап барганы кызуу талкуу жараткан. Президенттик администрациянын маалымат кызматы Жапаровду ташыган №1 борт (Ту-154) Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын техникалык нормаларына дал келбегендиктен, кыргыз тарапка мындай самолёт менен келүү мүмкүн эместигин кабарлаганын айткан.









