ИИМдин мурдагы жетекчилеринин стендин ачуу аземи өттү


10-ноябрь күнү ИИМдин БМЖКККнын имаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н. Абдиевдин катышуусу менен ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүгүнүн мурда жетектеген башчыларынын стендин ачууга байланыштуу салтанаттуу азем өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2021 11 11 at 09.23.14 ИИМдин мурдагы жетекчилеринин стендин ачуу аземи өттү


Аталган иш-чарага алгачкы жетекчилер-А.Зеличенко, З.Рысалиев, Т.Бейшенбаев, А. Ботобаев, М.Исмаилов, Б. Матмусаев, М. Кулуев жана башкалар келип катышты.
Бул салтанаттын алкагында ардагерлерге, офицер кызматкерлердин жубайларына сыйлыктар тапшырылды.
Мындан сырткары, ардагерлер үчүн машыгуу тиринен тапанча менен атуу уюштурулду.

WhatsApp Image 2021 11 11 at 09.23.14 1 ИИМдин мурдагы жетекчилеринин стендин ачуу аземи өттү


Кызматтын начальниги милициянын полковниги У. Султанов ардагерлердин ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон зор салымдарын, ошондой эле стендди ачуу аларга карата сый-урмат көрсөтүү экендигин баса белгилеген.
ИИМдин Басма сөз кызматы