Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нурбек Сапарбекович Исмаилов ант берди.

БШКнын токтому менен Нурбек Исмаилов Жогорку Кеңештин депутаты катары катталып, ага күбөлүк жана төш белги тапшырылган. Ал “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Мейкинбек Абдалиевдин ордуна депутат болду.

Абдалиев өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыратылган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин кезектиги жыйынында төмөнкү төрт маселе каралат:

1. Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Исмаиловдун ант берүүсү;

2. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору;

3. Жогорку Кеңештин 2021-жылдын 23-июнундагы №4682-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Баалоо иши жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты;

4. “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн өлчөмү боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору.