Бажы кызматына жетекчи болуп келген Кубанычбековдун фамилиясы мурда Бакиев болчу

Кубанычбек Бакиев Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунан. (Мурунку президент Курманбек Бакиевге туугандык катышы жок, фамилиялары гана окшош).

Кубанычбеков буга чейин фамилиясын алмаштырганын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Юстиция министрлигинин маалымат базасында анын буга чейинки фамилиясы сакталып калганын көрүүгө болот.

izobrazhenie 2021 10 26 182004 Бажы кызматына жетекчи болуп келген Кубанычбековдун фамилиясы мурда Бакиев болчу

Кубанычбеков 2008-жылы башкы прокурордун мурдагы орун басары болгон Кубанычбек Бакиевдин баласы. Юстиция министрлигинин сайтындагы ачык булактарда алар «Кыргыз Энерго Сбыт» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүлөрү катары катталган.

yustitsiya ministrligi Бажы кызматына жетекчи болуп келген Кубанычбековдун фамилиясы мурда Бакиев болчу

Юстиция министрлигиндеги маалыматка ылайык, ага бир нече компания катталган. Бардык фирмалар 2018-жылдан кийин пайда болгон.

izobrazhenie 2021 10 26 182004 Бажы кызматына жетекчи болуп келген Кубанычбековдун фамилиясы мурда Бакиев болчу

Ал эми Кубанычбек Бакиев прокурордун орун басары болуп иштеп турганда балдары жоголгон КР жаранынан аларды таап берем деп 35 миң долларын алдамчылык жол менен алып, качып кеткен. Бакиевге 2008-жылы издөө жарыяланып, 2015-жылдын апрель айында кармалган. Кийин кылмыш иши анын ден соолугуна байланыштуу токтотулган.