32 жаштагы жаран оор кылмышка шектелип кармалды

 Бишкек шаарында ден соолукка өтө оор зыян келтирүүгө шектелген адам кармалды.

Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда саат 08:33 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Арча-Бешик жаңы конушунан Ш.А. аттуу жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя 17-октябрда болгон. Ошол күнү тигүү цехинин кароолчусуна досу барган. Кароолчунун бөлмөсүндө достор спирт ичимдигин ичип, анын жүрүшүндө урушуп кетип, бири экинчисин бычактап, окуя болгон жерден качып кеткен.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 138-беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) 3-бөлүгүнүн 1-пункту менен катталган.

«Бишкек ШИИББдин жана Ленин РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашты. Ал 1989-жылы туулган К.К. экени аныкталды. Шектүү соттун чечими менен 2 айга СИЗО-1 абагына камакка алынды. Тергөө уланууда»,-деп айтылат маалыматта.