“Баткен жоокерлеринин” эстелигине гүлчамбар коюлду

Бишкекте “Баткен жоокерлеринин” эстелигине гүлчамбар коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

248884555 920163878906963 6177751907214436183 n 825x452 1 “Баткен жоокерлеринин” эстелигине гүлчамбар коюлду

Бул күн Кыргызстанда 1999-2000-жылдардагы эл аралык бандалык түзүмдөрдү жок кылууда аскердик милдетин аткаруу учурунда курман болгондорду эскерүү күнү катары белгиленет.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башкаруу органдарынын өздүк курамы, Бишкек гарнизонунун аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери, Баткен жоокерлеринин республикалык кеңешинин, Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле Баткен окуясында каза болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары катышты.

“Мекен алдында өзүнүн аскердик милдетин аткарып, берген антына бекем туруп, өлкөбүздүн эгемендиги үчүн өмүрүн берген жоокерлерибизди элибиз эсинде түбөлүккө сактайт”,- деди коргоо министри өз сөзүндө.

Аталган иш-чара Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” паркында митинг-реквием менен уланды.

248884555 920163878906963 6177751907214436183 n 825x452 2 “Баткен жоокерлеринин” эстелигине гүлчамбар коюлду
248575894 920163275573690 3414407612660059561 n 825x452 1 “Баткен жоокерлеринин” эстелигине гүлчамбар коюлду

Митингде курман болгондорду бир мүнөткө эскерүү болуп, үч ирет залп менен ок атылды