Бажы кызматына жаңы төрага жана анын орун басарлары дайындалды

Маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жалпы жамаатына жаңы төраганы КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырды.

Бажы кызматынын жаңы төрагасы болуп Кубанычбеков Адилет Кубанычбекович дайындалды.

Ошондой эле Мамлекеттик башы кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп Ирискулбеков Эрик Белекович жана Абдыкалыков Азамат Орозматовичтер дайындалды.

Тиешелүү буйрукка КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.