Өзбекстандын жарандарына жасалма документтердин негизинде Кыргызстандын паспортторун даярдап берген адис кармалды

Кара-Кулжа районунун калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, О.Т.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, акча үчүн Өзбекстандын жарандары Ю.М.У. жана С.М.С.га жасалма документтердин негизинде Кыргызстандын паспортторун даярдап берген. О.Т.А. УКМКнын абагына камакка алынды.

УКМК аталган факт боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 330-беренесинин 2-бөлүгү (Мыйзамсыз паспорт берүү) менен сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат.