Садыр Жапаров “Мыкты айыл өкмөтү” сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон кеңешмеде “Мыкты айыл өкмөтү” сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Биринчи топтун жеңүүчүлөрү:

  • 1-орун жана 1 млн 500 миң сом Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айыл өкмөтүнө;
  • 2-орун жана 1 млн сом Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айыл өкмөтүнө;
  • 3-орун жана 500 миң сом Баткен облусунун Баткен районуна караштуу самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылды.

Экинчи топтун жеңүүчүлөрү:

  • 1-орун жана 1 млн 500 миң сом Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө;
  • 2-орун жана 1 млн сом Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айыл өкмөтүнө;
  • 3-орун жана 500 миң сом Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айыл өкмөтүнө берилди.

Мындан сырткары, өлкөнү социалдык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн да бир катар жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери президенттин энчилүү сааты жана алкыш баракчасы менен сыйланды.