Көмүрдүн баасы 90 күн мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт

Өлкө аймагында көмүрдүн баасы 3 ай, тагыраагы 90 күн мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган. – деп жазылат маалыматта.

Белгилей өтсөк, буга чейин көмүрдүн баасы көтөрүлүп жатканы айтылып келген.