Эрулан Кокулов: “карапайым элдин укугун коргоо максатында депутаттыкка барам”

 «Ынтымак» cаясий партиясы 11-октябрда кезектеги съездин уюштурду. Анда партиянын атынан Жогорку Кенешке депутаттыкка ат салышкандардын тизмеси бекитилди. Алардын арасында резонанс жараткан «Не сахар» аттуу долбоорунун жетекчиси Эрулан Кокулов да бар.

Эрулан Кокулов Bulak.kg маалыматтык порталына саясатка эмне себептен бара жатканын билдирди.

«Сиздерге маалым болгондой, менин жумушум элдердин укугун коргоо. Мен алгач, блогер болуп ишимди баштагам. Чындыгында, карапайым элдин укугун коргоо абдан татаал. Ошол себептен мен журналистика багытын тандагам. Учурда мен парламентке аттангандыгымдын себеби да дал ошол жумушумду натыйжалуу болуусун, элге мындан да эки эселеп жардам бергенге болгон кадам», — деди ал.

Эрулан Кокулов белгилегендей, саясат аны элден алыстатпай, тескерисинче жакындатат дейт.