Айыл-чарба техника алуу үчүн «Айыл Банк» өзүнчө кредиттик линия ачып, ага акча бөлүндү

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба жана башка техника менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Айыл Банк» ААК өзүнчө кредиттик линия ачуу үчүн 426,6 млн сом бөлүндү. Тийиштүү чечимге Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу анын расмий баракчасында жарыяланды.

Экономика жана финансы министрлигине белгиленген тартипте өзүнчө кредиттик линия ачуу жана айыл чарба, кайра иштетүүчү техниканы, тамчылатып сугаруу үчүн жаадырып сугаруучу машиналарды лизингге берүү үчүн “Айыл Банк” ААК Улуттук банкынын кайтарым эсептеринде топтолгон 426 млн 677 миң 758 сом өлчөмүндөгү буга чейин берилген гранттар жана кредиттер боюнча финансы каражаттарын берүүсү тапшырылды.

Маалымат боюнча, «Айыл Банк» ААК чарба жүргүзүүчү субъекттерге айыл чарба, кайра иштетүүчү техниканы, тамчылатып сугаруу үчүн жаадырып сугаруучу машиналарды жана жабдууларды төмөнкүдөй шарттарда лизингге берүү сунушталды:

•  лизингдин мөөнөтү – 10 жылга чейин;

•  пайыздык ставка – жылдык 4,5%;

•  баштапкы салымдын өлчөмү – лизингдин предметинин акчалай түрдөгү наркынын 10% кем эмес;

•  күрөөлүк камсыздоо (лизингдин предмети);

•  карызды төлөө графиги бузулган учурда ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынын 0,01% өлчөмүндө кредиттин негизги суммасынан ашпаган эсептөө жүргүзүлөт.