Улуттук банкка мамлекеттик мүлктү сатып алуу укугун берүү сунушталууда

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны болууда. Жыйында парламент депутаттары “Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карап жатышат. Ага ылайык, Улуттук банкка мамлекеттик мүлктү сатып алуу укугун берүү сунушталууда.

Парламенттин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан акча алып чыгып кетүүнүн бир жолу.

Ал: “Белгилүү болгондой, бул жылы бюджетке келечектеги кирешенин эсебинен буга чейин 2,5 миллиард сом которулган. Мындай кырдаал өткөн жылдын декабрь айында дагы болгон. Бирок анда бул каражаттарды алып чыгуу коронавирус инфекциясынын жайылышы менен байланыштырылган”, – деп билдирди.