Окуялар тизмеги
30.10.2026
Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн 98 пайызына жылуулук берилди
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн 98 пайызы жылуулукка кошулду.
Муниципалиттин маалыматына караганда, 30-октябрда саат 09:00гө карата борбор калаадагы 1 миң 931 турак үйгө жылуулук берилди.
"Учурда адистер...
Туманбаев, Жунушалиев жана башка жетекчилер мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту
Садыр Жапаров бир катар жогорку кызматтагы адамдарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Президент тиешелүү жарлыкка 26-октябрда кол койгон.
Ага ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге "Эмгек баатыры"...
Ала-Арча жаратылыш паркында дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө курулат
Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында узундугу 732 метрди түзгөн айнек асма көпүрө курулат. Президенттин иш башкармалыгы курулуш иштери ноябрда башталып, 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүлөрүн...
Мирбек Атабеков Эл артисти наамына ээ болду
Белгилүү эстрада ырчысы Мирбек Атабеков Кыргыз Республикасынын эл артисти наамына ээ болду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.Мирбек Атабеков сахнада 20 жылдан...
Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды
Президент Садыр Жапаров Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровду Түрк дүйнөсүнүн...
28.10.2026
Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен 29–30-октябрда Анкара шаарына иш сапар менен барат.
"Ынтымак Ордодон" кабарлашкандай, сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер...
Бишкекте коомдук ишмер Роза Айтматова акыркы сапарга узатылды
Бүгүн Бишкек шаарында белгилүү коомдук ишмер, агартуучу, илимпоз-педагог Роза Айтматова менен коштошуу зыйнаты өттү. Маркум акыркы сапарга А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан узатылды.
Коштошуу...
Жаныш жана Максим Бакиевдер Кыргызстанга келери менен камалат
Жаныш жана Максим Бакеивдер Кыргызстанга келсе чек арадан кармалып, дароо камакка алынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров айтты.
Өлкө башчысы менен маек курган Super.kg качкын...
Бишкекте автобус тротуарга чыгып кетип, бир үй-бүлөнү сүзүп кете жаздады
Бишкекте №195 каттамдагы автобус менен кроссовер сүзүшүп, коомдук транспорт тротуарга чыгып кеткен. Окуянын видеосу соцтармакта тарады.
Кырсыктын кесепетинен тротуарда бараткан бир үй-бүлө автобустун алдында кала...
Бишкектиктерден таштандыны саат 19:00дөн кийин гана чыгаруу сунушталды
«Тазалык» муниципалдык ишканасы бишкектиктерге кыймыл күчөгөн убакта жолдордогу таштанды ташыган унаалардын санын азайтуу максатында таштандыны саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт.
Ишканадан билдиришкендей, бул чара турмуш-тиричилик...
Бишкекте бүгүндөн тарта жылуулук бериле баштайт
Бишкекте бүгүн, 28-октябрдан тарта жылытуу мезгили башталат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечим абанын температурасынын төмөндөшүн, Гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча болжолун жана...
27.10.2026
Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды
Ата мекендик багбанчылык чарбаларын колдоо жана 2026-жылы өстүрүлгөн алманын түшүмүн өз убагында сатууга шарт түзүү максатында алма импортуна убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер...
Кыргызстан 10 Airbus учагын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
Кыргызстан Airbus компаниясынын 10 учагын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору...
Бишкек милициясы сууга аккан наристени куткарып калган жигитти сыйлады
Сууга агып бара жаткан баланы куткарып калган Бекен Асанбековго милиция ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен кабарлашты.
Буга чейин социалдык тармактарда каналда агып бара жаткан...
Бишкекте оңдолгон имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө болбойт
Бишкекте жакында оңдолгон имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.Тыюу төмөнкү көчөлөрдөгү имараттарга тиешелүү:
Чүй проспекти — Манас проспектинен Абдрахманов көчөсүнө...
Амантур Исмаилов Дүйнө чемпионатында коло утту
Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов Дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси болду. Ал коло үчүн беттеште орусиялык атаандашын 10:0 эсебинде жеңип алды.
Белгилесек, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан...
Негизги жаңылыктар
26.10.2026
Роза Айтматова 89 жашында чын дүйнө салды
Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу үй-бүлөнүн Instagramдагы расмий баракчасында кабарланды.
Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта...
Жаңы “Ош” базары жазында ишке берилет
Бишкектеги жаңы "Ош" базары келерки жылдын март-апрель айларында ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда жергиликтүү базар тууралуу суроого жооп...
Бишкекте 28-октябрдан тартып жылуулук бериле баштайт
Бишкекте жылытуу сезону 28-октябрдан тарта башталат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим күн сууктап, эл электр энергиясын көп жага баштагандыктан кабыл алынган.
Бишкек...
Жапаров “Ош” базары качан көчүрүлөрүн айтты
"Ош" базары 2027-жылдын март-апрель айларында көчүрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундары менен жолугушуу учурунда жергиликтүү базар тууралуу суроого жооп берип жатып...
Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов коло байгеге ээ болду
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик...
23.10.2026
Жүргүнчү ташыган автобус бир нече унаа менен сүзүштү
Бишкекте автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан маалымдашкандай, автобус төрт унаа менен кагылышкан.
Окуя 22-октябрда саат 23:00 чамасында Бишкектин Курманжан датка жана...
Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт
Бишкекте 23-октябрында саат 10:00дөн 22:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык,өчүрүү иштери суу өткөргүчтөрдү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр...
Айгүл Жапарова Самаркандда көргөзмөгө барды
Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Өзбекстан, Түркия, Ливан, Пакистандын биринчи айымдары жана башка жогорку даражалуу коноктор менен биргеликте көргөзмөгө барды.
Биринчи айымдын социалдык тармактагы баракчасында...
Кыргызстанда 25 мектепке Starlink терминалдары тапшырылды
Кыргызстанда аймактардагы 25 мектепке жогорку ылдамдыктагы спутник интернетине жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн Starlink терминалдары тапшырылды. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады.
Терминалдар бекер берилип, билим берүү мекемелерине...
21.10.2026
Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт
Кыргызстанда1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, жөлөк пулдар төмөнкүдөй өсөт:
майып балдарга жөлөк пул 8 миң...
Жеке үй курулушуна аскерлерди иштеткен Улуттук гвардиянын командири кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскердик бөлүктөрүнүн биринин командирин кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал өзүнүн жеке үйүнүн курулушуна...























