Home Blog Page 1813

Бишкектеги коомдук транспорт маселеси чечилеби же жокпу?

YouTube video

Мэрия алдындагы коомдук транспорт башкармалыгынын билдирүүсүндө Европа реконструкциялык банкы менен келишим түзүлүп, дагы кошумча 250 автобус келиши керек. Андан сырткары Азия өнүктүрүү банкы менен да иш алып барып, 120 электробус алынып келери убадаланды.

YouTube video

Таалайбек Жумадылов: “ “Альфа” жоокерлерин өз миссияларынан алагды кылуу, бул туура эмес”

Сүрөт интернеттен алынды

Кара-Кечеге “Альфа” спецназынын 12 жоокери жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов мурунку күнү радио аркылуу билдирди.

Анын айтымында, атайын күчтөр ишкананын филиалын кайтарууга жөнөтүлгөн, бирок ал эмне себептен экенин түшүндүргөн эмес.

Ишкананын басма сөз кызматы бүгүн Кара-Кечеде атайын күчтөрдүн пайда болушун түшүндүрдү. Департамент бул жерде өтө олуттуу абал бар же аскердик шарттар күтүлөт дегенди билдирбейт деп ишендирет.

Алардын айтымында, согушкерлер ал жакка “Кыргызкөмүрдүн” мурдагы директору Марат Турдубаевдин өтүнүчү боюнча жөнөтүлгөн.

“Марат Турдубаев буга чейин УКМКнын башчысына мындай өтүнүч менен кайрылган жана Ташиев аны аткарууга убада берген”, – деп билдирет басма сөз кызматы.

Бул маалымат тууралуу УКМК ардагери, запастагы полковник Таалайбек Жумадылов дагы өз оюн билдирди. Анын айтымында “Альфа” бул -атайын даярдыктагы күчтөр тобу террордук коркунучтар менен күрөшүү үчүн түзүлгөн, бул өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди кармоого, туткундарды бошотуу, кооптуу жана ири операцияларды жүргүзүүгө багытталган атайын даярдыктагы бөлүк болуп саналат.

УКМК ардагери: “Ар бир нерсенин өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүгү, функциясы бар. Мисалы, мык балка менен кагылат, эшик ачкыч менен ачылат дегендей. Ошондой эле “Альфа” атайын даярдыктагы күч тобунун дагы өзүнүн милдети, жоопкерчилиги жана аткара турган вазыйпасы, миссиясы бар. Ал антитеррордук бөлүм, ал жакта атайын даярдыктан өткөн офицерлер кызмат өтөшөт. Ошондуктан атайын даярдалган кызматкерлерди өз миссиялардан алагды кылуу, бул туура эмес деп ойлойм”, – деген оюн айтты.  


Улуттук банкка мамлекеттик мүлктү сатып алуу укугун берүү сунушталууда

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны болууда. Жыйында парламент депутаттары “Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карап жатышат. Ага ылайык, Улуттук банкка мамлекеттик мүлктү сатып алуу укугун берүү сунушталууда.

Парламенттин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан акча алып чыгып кетүүнүн бир жолу.

Ал: “Белгилүү болгондой, бул жылы бюджетке келечектеги кирешенин эсебинен буга чейин 2,5 миллиард сом которулган. Мындай кырдаал өткөн жылдын декабрь айында дагы болгон. Бирок анда бул каражаттарды алып чыгуу коронавирус инфекциясынын жайылышы менен байланыштырылган”, – деп билдирди.

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Ослодо (Норвегия) өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чыкты.

Мээрим Жуманазарова 68 кг чейинки салмакта 1/8 финалда баштап, анда кореялык Минжи Ханы 8: 0 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо алды.

Эске салсак, бул чемпионатта Айсулуу Тыныбекова алтын алып, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Эрназар Акматалиев күмүш медалдын ээси, Алибек Осмонов коло медалга ээ болгон.

Башка спортчубуз Айпери Медет кызы бүгүн коло медаль үчүн күрөшөт.

Бишкектин биринчи 700 дарагы электрондук инвентаризациядан өттү

Бишкек шаарынын тургундары муниципалитетке жашыл өсүмдүктөрдү каттоого жардам берип, 2 жуманын ичинде ыктыярчылардын биринчи нөөмөтү маалымат базасына 700гө жакын дарактарды киргизди. Бул боюнча борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Дарактардын 378и “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын балансында турган “жашыл өсүмдүктөр”.

Буга чейин Эмен паркында биринчи жолу электрондук инвентаризация жүргүзүлө баштаган, алгачкы жүз эмен дарагы саналып бүткөн. Бүт процессти «Арча» коомдук фондунун  координатору жана ишкананын башкы агроному көзөмөлдөшкөн.

Эми 700 жашыл дарактын  саны, жайгашкан жери, түрлөрү, сугаты жана абалы жөнүндө маалыматтар киргизилген “медициналык карталары” бар. Бул программанын алкагында ишкананын  кызматкерлери аларды багуу жана дарылоо үчүн керектүү болгон каражатты алдын ала эсептей алышат.

Депутат Атазов мекеме жетекчилери элди алдап келгенин айтты

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны болууда. Жыйындын жүрүшүндө «Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК КРдин басма сөз кызматы билдирди.

Мамкурулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин айтымында, ЕРӨБ Ноокат шаарынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын таза суу тармагы менен саркынды сууларды чыгаруу тутумун жаңыртуу багытында жалпысынан 4,8 млн евро өлчөмүндө каражат бөлөт, анын ичинде 2,2 млн евро гранттык каражат болуп саналат. Насыя 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Ал мэрия менен шаардын сууканал ишканасы тарабынан жабылууга тийиш.

Ал эми Ноокат шаарынын мэри алынган насыяны толугу менен өз маалында төлөй алыша турганын, баардык чыгымдар менен кирешелер эсептелип чыкканын, долбоор ишке ашып калса, анын алкагында жергиликтүү 10 миң адам таза суу менен камсыз болууга тийиш экенин билдирди. Ал бул долбоорго Ноокат шаары эле эмес, анын айланасында жайгашкан айрым айылдар кире турганын кошумчалады.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар “Ноокат шаарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору 3 жылдан бери ишке ашырылбай токтоп турганын сынга алышты. Депутат Шайлообек Атазов айрым мекемелердин жетекчилери көп жылдан бери депутаттарды эле эмес, жалпы элди да алдап келатканын баса белгиледи.

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы дагы өсөбү?

Дүйнөлүк рынокто мунайдын наркынын жогорулашы бардык мамлекеттерге өз таасирин тийгизүүдө. Муну менен катар эле Казакстанда дагы күйүүчү майдын жетишсиздиги жана дизелдик отундун баасынын өсүшү байкалууда. Азыркы тапта, Кыргыз Республикасынын улуттук валюталары менен эсептегенде, кошуналардан келген күйүүчү майдын литри дээрлик 40 сомго жетти. Бир жыл ичинде Казакстанда дизель майы 8%га кымбаттады. 8 айда анын баасы 199 теңгеге же литрине 39,72 сомго чейин жогорулаган.

Бул кырдаал Кыргызстанда да  күйүүчү-майлоочу майлардын баасына өз таасирин жатат. Бирок коңшу өлкөлөрдө күйүүчү майдын жетишсиздиги жаралгандыгы менен  импортко көз каранды мамлекеттердин арасынан эң төмөн баа Кыргызстанда болууда. 

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майларга болгон баалар дээрлик 60 пайызга кымбаттагандыгы айтылууда.  

“Нефтетрейдерлер союзунун” директору Заур Кипкеевдин айтымында учурда дүйнөлүк базарда да мунайдын баасы өсүп жатат.

Ал: “Кыргызтан бул жаатта 95% импортко көз каранды. Ошондуктан дүйнөдөгү мунай абалы  бизге дагы өз таасирин тийгизүүдө. Бирок Кыргызстан импортко көз каранды өлкө болгонуна карабай нефтетрейдерлер бааны туруктуу кармоого аракет кылышууда”, – деп билдирди.

Адис мунайды бажы алымы жок дүң баада сатып алуу келишимине ылайык, Россиянын заводдору Россия менен Кыргызстан үчүн күйүүчү-майлоочу майларды бирдей наркта сатаарын айтып, анын көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр болгондугун, бул Кыргызстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экендигин дагы баса белгиледи.

Заур Кипкеев: “Бирок дүйнөлүк базарда мунай каражаттарынын наркы жогорулап жатканына байланыштуу, Кыргызстанда дагы күйүүчү-майлоочу майларга болгон баалар өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Аналитиктердин божомолу менен үстүбүздөгү жылдын аягына чейин күйүүчү-майлоочу майларга болгон баа өсмөкчү. Биз гана эмес мунай өлкөсү болгон Казакстан дагы Россиядан бул жаатта колдоо сурап, кайрылгандыгын билебиз”, – деген ою менен бөлүштү.

Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

WW 76kg - Aiperi MEDET KYZY (KGZ)


Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты.

Алгач кыргыз спортчусу 1/8 финалдык бөлүктө болгариялык Мария Оряшковага мүмкүнчүлүк бербей 10:0 эсебинде утуп алды. Андан кийинки чейрек финалдагы баскычта орусиялык Марина Суровцеваны да ошондой эле 10:0 эсебинде багындырды.

Эми жарым финалдык күрөштө белгилүү эстониялык спортчу, азыркы Европа чемпиону Эпп Мяэ менен кездешет. Атаандашы дүйнө чемпионаттарында эки жолу коло медаль утса, Европа биринчиликтеринде алтын жана коло медалдары бар. Андан тышкары эки жыл мурун Европа оюндарын да жеңип алган.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы Токио-2020 олимпиадасында жарым финалда утулуп, коло медаль үчүн беттешин да уттуруп койгон.

Кыргыз спортчусу Азия оюндарында коло, Азия чемпионатында күмүш жана дүйнө кубогунда коло медаль уткан.
Жарым финалдык беттештер кечки саат 20:45те башталат.

“Намыс жана Тартип” Коалициясы: шайлоо кимдерди бириктирди?

4-октябрь күнү “Ар-Намыс” – Кулов Ф. Ш, “Улуттар биримдиги” – Мырзакматов М. Ж., “Кыргызстан Элдик-Демократиялык саясий партиясы” – Медетбеков А. К. баш болгон саясий партиялардын лидерлери жана “Соотечественники” – Федоров Д.И., “Элдик көзөмөл” – Исабеков К.С., “Мекен сакчысы” – Эратов С.С., “Көзөмөл” – Турганбаев А.К. коомдук кыймылдарынын жетекчилери алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн “Намыс жана Тартип” Коалициясын түзүү жөнүндө чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Феликс Кулов өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Берилген маалыматка ылайык, бул Коалициянын ишмердүүлүгү алар көрсөткөн партия парламентке өтүп, өтпөгөнүнө карабастан, жүргүзүлө бермекчи.

Феликс Кулов өз сөзүндө: “Мыйзамга ылайык, саясий партиялардын арасынан шайлоо алдындагы блокторду түзүүгө жол берилбегендиктен, шайлоого катышуу үчүн кайсы партияны аныктоо керек деген суроо пайда болду. Кыска талкуудан кийин “Улуттар биримдиги” партиясына токтолдук. Азырынча мен кимдир бирөөнү мактоодон алысмын, анткени бул үгүттөө иши катары каралып, мыйзам бузгандык болуп калат. Кийинчерээк, бул жана башка чечимдер менен байланышкан маалыматтар тууралуу биздин шайлоочуларга толук кандуу маалымат берилет”, – деп билдирди.

Ф.Куловдун айтымында, Коалицияга кирген ар бир саясий партиялар жана коомдук бирикмелер өздөрүнүн талапкерлерин жалпы тизмеге киргизүүгө даярданышууда. Келечектеги депутаттардын тобу мыйзамда аныкталган критерийлердин негизинде, ошондой эле кесиптик, ишкердик, аймактык жана башка факторлорду эске алуу менен түзүлүшү керек. Коалиция жаңы мүчөлөр үчүн ачык. Ошондуктан, тизме толукталышы мүмкүн экен.

Ал белгилегендей, “Намыс жана Тартип” Коалициясынын аты жөн жерден жаралган жок. Шайлоодо кандай гана жол менен болсо дагы жеңишке жетүү башкы максат эмес. Саясатчылардын амбициясы жана ич ара каршылыгы үчүн эл өтө кымбат төлөп жатат. Ошондуктан, “Намыс жана Тартип” Коалициясы шайлоого катышуу үчүн өкүлчүлүк кылган “Улуттар Биримдиги” партиясы мыйзамдын бардык талаптарын сактоо менен шайлоону таза өткөрөт.

Японияда жаңы “Йезо” вирусу табылды


Япония окумуштуулары белгисиз инфекциядан улам тараган жаңы ооруну аныкташты. Адистер тапкан “Йезо” аталышындагы жаңы вирус кененин чагуусунан жугары белгилүү болду. Бул изилдөөнүн жыйынтыктары Nature Communications журналына жайгаштырылды.

2014-жылы Японияда белгисиз вирусту жуктурган алгачкы учурлар катталган. 2020-жылга чейин буга окшош симптомдору менен 7 пациент саналган. Оорулууда калтыратма пайда болуп, канында лейкоциттер менен тромбоциттердин саны азайып кетери байкалган.

Япониялык адистер вирусту эки пациенттин канынын таап, патогендин генетикалык анализин жүргүзүшкөн. Окумуштуулардын байкоосунда оорулуулардын канында буга чейин белгилүү болбогон Orthonairovirus түркүмүндөгү патоген бар.

2019-жылы Хоккайдо аралында ооруканага кененин чагуусунан кийин калтыратмасы менен эки пациент кайрылган. Алардын кан анализи белгисиз вирусту жугузганын көрсөткөн. Андан соң адистер 2014-жылдан бери дал ушундай симптомдору менен келген оорулуулардын канын кайрадан текшерип чыгып, “Йезо” жуктурган 7 учурду катташкан.

Вирустун булагын табыш үчүн окумуштуулар ошол райондордогу жапайы жаныбарлардын анализдерин карап чыгышкан. Анын натыйжасында вирустун РНКсы Хоккайдо аралындагы кенелердин негизги түрлөрүнөн табылган.