
Ветеринария кызматынын Жаныбарларды идентификациялоо системасы “Түндүк” мобилдик тиркемеси менен интеграцияланды.
Эми жарандар өздөрүнүн атына катталган үй жаныбарлары жана мал-жандыгы тууралуу маалыматты түздөн-түз тиркеме аркылуу оңой ала алышат.
Эгерде тиркемедеги тизмеде малыңыз чыкпай калса же маалыматтарда катачылыктар аныкталса, жашаган жериңиздеги ветеринарга кайрылуу сунушталат.






