
Кыргызстанда электромобиль чогултуучу завод ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Султан Ахматов маалымат жыйында билдирди.
Айтымында, ишкана быйыл ишке кириши мүмкүн. Долбоорго ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эмес, үчүнчү мамлекеттерден инвесторлор тартылат. Завод бажы жеңилдиктерин да ала алат.
Ахматов өлкөдө электромобиль чыгаруу жолго коюлса, аларды жеңилдетилген шартта ташып кирүү үчүн квотага муктаждык болбой каларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмүсүз ташып кирүү квотасы 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлөн.






