«Ала-Арча» паркына кирүү жана электромобилдердин өтүү акысы кымбаттады

«Ала-Арча» жаратылыш паркынын администрациясы кирүү билеттеринин жана электромобилдер менен кирүүнүн баасын көтөрдү. Жаңы баа парктын расмий булактарына жарыяланды.

Жаңыланган тарифтерге ылайык, чоңдор үчүн кирүү билетинин баасы 200 сомдон 250 сомго чейин жогорулады. 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн баа 150 сомдон 180 сомго өстү. Ал эми жети жашка чейинки балдар үчүн кирүү мурдагыдай эле акысыз бойдон калат.

Ошондой эле жеке электромобилдер менен парктын аймагына кирүү акысы да кымбаттады. Эми мындай транспорттун ээлери мурдагы 800 сомдун ордуна 880 сом төлөшү керек болот.

Парктын администрациясы тарифтердин өзгөрүү себептерин азырынча тактай элек.