
Кыргызстанда Бишкек – Чуңкурчак альтернативдүү унаа жолун куруу пландалууда. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.
Анын айтымында, учурда жолдун долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Жаңы трасса төрт тилкелүү болуп, борбор калаа менен эл көп барган тоолуу эс алуу жайы Чуңкурчактын ортосундагы транспорттук байланышты кыйла жакшыртат.
Белгиленгендей, жол калктуу конуштарды айланып өтүп, Бишкектен Чуңкурчакка түз чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мунун аркасында жол жүрүү убактысы кыскарып, учурдагы жолдордогу транспорттук жүк азаят.
Эске салсак, бүгүн транспорт министри Талантбек Солтобаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа-долбоорунун алкагында бир катар объектилерди кыдырууда. Бул долбоор министрликтин ишмердүүлүгү жана жер-жерлерде ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет.






