Кыргызстанда 1-класска 56 миңден ашуун бала катталды

2026-2027-окуу жылына Кыргызстандын орто мектептерине 1-класска балдарды кабыл алуунун биринчи баскычында 56 миңден ашуун бала катталды. Алар “Мектеп” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу катталышты.

Агартуу министрлиги 20-апрелде маалымдаганы боюнча:

– Бишкек шаары — 8959,
– Ош облусу — 11 898,
– Жалал-Абад облусу — 10 581,
– Чүй облусу — 6619,
– Баткен облусу — 6384,
– Ысык-Көл облусу — 4699,
– Нарын облусу — 2699,
– Ош шаары — 2171,
– Талас облусу — 2532 бала катталды.

Жалпы өлкө боюнча быйылкы окуу жылында 1-класска 190 миңден ашуун орун каралган.

Министрлик балдарды мектепке электрондук каттоонун биринчи баскычы уланып жатканын кошумчалады. Анда мектеп жайгашкан райондо ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.

Баланы 1-класска мектепке кабыл алуунун биринчи баскычы 1-апрелде башталган, экинчиси 1-июндан тартып жүрөт.

Бала 1-класска кабыл алынган кезде мектепте анын билимин текшерүүгө укугу жок. Билимин аныктоочу тест, сынак, аңгемелешүү жүргүзүүгө тыюу салынат.

Ошол эле учурда mektep.edu.gov.kg сайтынын иши айрым учурларда үзгүлтүккө учурап каларына нааразылыгын билдирген ата-энелер да бар.

Кыргызстанда 2,5 миңдей мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 миллиондон ашуун бала окуйт.