Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары пара менен кармалды

Жалал-Абад облустук милициясынын башчысынын орун басары пара менен кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 15-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарыК.К.И. жана Тергөө кызматынын тергөөчүсү Т.А.Ж.пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Тергөө маалыматына ылайык, алар текшерүүнү токтотуу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн жарандан 2 миң АКШ долларын талап кылышкан. Кармоо операциясы ИИБдин имаратында, 170 миң сом алып жаткан учурда ишке ашты.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.