Самбо боюнча Азия чемпионаты. Кыргызстандыктар эки күндө 21 медаль утушту

14-20-апрель күндөрү Ташкентте самбо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өтүүдө.Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча эл аралык федерациянын сайтында маалымдалды.

Турнирге жаш спортчулардан баштап, чебер ардагерлерге чейин ар кандай курактагы спортчулар катышууда.

Жаштар арасындагы чемпионаттын биринчи күнүндө кыргызстандыктар 15 медаль — бир алтын, төрт күмүш жана он коло медалга ээ болушту.

Илья Шукшин 98 килограммдан жогорку салмакта Азия чемпиону болду.

Эске салсак, алгачкы эки күндө кыргызстандыктар 21 медаль (1 алтын, 9 күмүш жана 11 коло) жеңип алышкан.