
Балыкчы шаарынын кире беришиндеги экопост алынды. Видео соцтармакка жарыяланды.
Маалымат боюнча, бул жерге этнокомплекс, балык саткан базар, жер астынан өтүүчү өтмөк курулат.
Экпопостту буздуруу маселеси 2015-жылы эле көтөрүлгөн болчу. 2013-жылга чейин облуска кирген унаалардан алымдар жыйналып келген. Объект узак убакыт бою “Ысык-Көл биосфералык аймагы” дирекциясынын балансында эле.