Москвадагы мончодо кыргызстандыктардын кармалышы. Төртөө депортацияланат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москвадагы мончолордун биринде кармалган кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди.

Ведомстводон маалымдашкандай, министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү Москвада кармалган кыргызстандыктардын укугун коргоого кошулду.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен биргеликте бул кырдаалды дароо көзөмөлгө алып, Түндүк административдик аймак боюнча ички иштер башкармалыгына кайрылышкан.

Учурда кармалган 24 жарандын 20сы бошотулуп, 4 жаранга Россиядан чыгаруу тууралуу токтом чыгарылган.

Эмгек министрлиги өкүлчүлүктүн кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында эле Москвадагы полиция бөлүмдөрүнө жана убактылуу кармоо борборлоруна 135 жарандын кызыкчылыгын коргоп 116дан ашык чыгуу болгонун, ошондой эле 9 соттук процесске катышканын билдирет.