Ала-Арча дарыясынын үстүндөгү “111” бары демонтаждалууда

 Бишкектин 10-кичи районунда Ала-Арча дарыясынын үстүндө жайгашкан “111” барын бузуу иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бузуу иштери борбор калаадагы дарыялардын нугун жана каналдарды тазалоо, мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштеринин алкагында аткарылууда.

Бул иштердин алкагында суу объектилеринин жер участокторуна максаттуу багытын бузуу менен, зарыл болгон уруксат кагаздарын албастан, шаар куруу нормаларын жана эрежелерин бузуу менен курулган объектилерди аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Аламүдүн дарыясынын жээгинде жайгашкан тиешелүү уруксат документтери жок 44 объект  демонтаждалган.