
Муниципалитеттен билдиришкендей, 15-апрелде саат 10:00дөн 22:00гө чейин Сарбан, Жал айылдары, Жогорку Орок, Сары-Өзөн, Кашкабаш, 105-контур батыш тарабы, ЖЭБ-2, Селекциянын жаңы району, Достук, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түштүгү) конуштары, Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушу (Өмүр көчөсүнөн түштүк тарабы) менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат.
Ичүүчү суу “Баш-Кара-Суу” суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.